ГҮЛДӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Гүл ачуу, гүл алуу. Жоогазын гүлдөсө да узакка турбайт (Сыдыкбеков). Өрүк гүлдөп, жер көгөрүп, көп дарак желге ыргалып, бирин бири ымдашат (Үмөталиев). 2. Көгөрүү, жашылдануу. Жаз келди талаа тегиз гүлдөдү (Шүкүрбеков). 3. өт. Жыргап-кууноо, өркүндөө, өсүү. Элимден кетсем мейличи, Эркиндеп элим гүлдөсүн (Токтогул). Гүлдөп өмүр сүргүлө, Эркин ойноп күлгүлө(Турусбеков). Гүлдөй турган колхоздун, Күжүрмөн болот жаштары (Осмонкул).